АЛБЕК ИБРАИМОВ:”МАРШРУТКАГА КАНЧА ПЕНСИОНЕР ТҮШКӨНДҮГҮН САНАГАН УЧУРЛАРЫМ БОЛОТ»

Бишкек мэри Албек Ибраимов бүгүнкү жыйында коомдук унаага түшкөндөн уялбай тургандыгын билдирди.

«Мен транспорттордун абалын байкоо үчүн ишемби-жекшемби күндөрү коомдук унааларга түшүп турам. Мен муну журналисттери, сүрөтчүлөрү жок эле кылам. Мүнөзүм ушундай. Кээде маршруткага канча пенсионер түшкөндүгүн санаган учурларым болот», – деди мэр.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кесиптештери коомдук унаа менен жумушка келээрин айтып, алар үчүн уяла тургандыгын айткан. Бул коомчулукта кызуу талкууну жаратып депутатка карата ар кандай сындарды айтышкан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу