Албек Ибраимовдун 9090 сомдук көчөттөрү боюнча кылмыш иши козголду

УКМК Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун демилгеси менен сатылып алынган 9090 сомдук көчөттөр боюнча кылмыш ишин козгоду. 
Мекемеден кабарлагандай, кылмыш иши 25-апрелде ачылган. Маалыматта 2017-жылдын 23-октябрында «Арт Грин» компаниясы менен ар бири 9090 сомго бааланган көчөттөрдү алып келүү боюнча келишим түзүлгөнү айтылат. Былтыркы жылдын бюджетинин бекитилген планына ылайык, май айында 60 миллион сомго көчөт сатып алуу каралган. «2017-жылдын аралыгында «Арт Грин» компаниясы менен жалпы баасы 18 миллион 615 миң 980 сомго төрт келишим түзүлгөн. Ал эми «АГТ Азия» ишканасы менен 8 миллион 948 миң 816 сомго эки, «Зиар Строй» менен 14 миллион 481 миң сомго 6 келишим түзүлгөн. Ушу тапта козголгон кылмыш иштин алкагында аудит жүргүзүлүп, сатып алуунун натыйжалуулугу текшерилип жатат», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

9090 сомдук көчөттөр учурда четинен куурап жатат. Базардагы 250-300 сомдук көчөттөрдөн анча айырмаланбаган бул жаш бактардын өзгөчөлүгү деле байкалган жок. Андыктан алыскы өлкөдөн атайын алдырган бул иште чоң коррупция жатканы айтпаса деле белгилүү. Эми 6 жылда каалагандай тайраңдап, элдин үстүнө “минген” Албек Ибраимовду жоопко тартуу керек. Анткени, Бишкектин мэри катары мындай мыйзамсыздыкка дал ушул киши жол берген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу