Албек Ибраимовго дагы бир жаңы кылмыш иш козголобу?

«Манас» эл аралык аэропортундагы бортто берилүүчү тамак-ашты даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерден коррупциянын изи табылып, бул боюнча УКМКнын коррупцияга каршы кызматы кылмыш ишин козгогону маалым болду. Бизге жеткен ишенимдүү булактардан алынган маалымат боюнча кылмыш ишинин башкы фигуранттары – «Манас» аэропортунун учурдагы жетекчиси Эмир Чукуев менен экс-жетекчиси Албек Ибраимов болуп атканы да айтылууда. Мына ушул кылмыш ишинин козголушуна негиз болуп аткан иштер тууралуу убагында «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтып чыкканы бар. Аны ал кездеги бийлик кулак сыртынан кетирип, укпай койгон эле. Ал эми бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштө эч кандай тандоо жок. Андыктан мына ушул «Манас» аэропортунан ири коррупциялык иш калкып чыгууда. Жогоруда мына ушул коррупциялык иш тууралуу эки жыл мурун эле Ө. Текебаев айтып чыкканын эскерткенбиз.

Анда ал эмне деди эле, ошону бир эске салып алалы. «Аэропортто «Манас менеджмент компани» деген биргелешкен ишкана бар. Анын 80%ы чет элдиктердики, 20%ы аэропорттуку. Бул 1995-жылдары Акаевдин убагында түзүлгөн. Бул дагы коррупциялык схема болду. Ал биргелешкен ишкана самолетто тамак берет. Бүгүн 2 млн долларга заманбап, компьютерлештирилген, автоматташтырылган цех алып келип коет. Бирок, аны Албек Ибраимов 15 млн долларга сатып алат. Эми бул технология айылдагы эң сабатсыз адамдарга да белгилүү. Арзан нерсени кымбат баага сатып алгандан кийин, ким андан канча акчаны бөлүштүрүп ала турганы», — деген Ө. Текебаев. Бирок, ал кезде А. Атамбаевдин таасиринен улам, укук коргоо органдары парламенттеги чоң фракциянын берген маалыматына көңүл бурган эмес. Кийин ушул эле фракциянын депутаттары «Манас» аэропортуна барып, ал жактагы тамак даярдоочу жана жүк түшүрүүчү логистикалык борборго барып, аны 12 млн долларга эмес, 3 млн долларга сатып алууга боло турганын айтышкан.

«Манас менеджмент компани» деген компаниянын бортпитание жана жүктөрдү тосуп алуу борборун көрдүк. Муну 21 млн долларга баалашкан. Алардын эксклюзивдик укугу жок, алардын укугу 2004-жылы эле бүткөн. Эгер эксклюзивдик укугу жок болсо, ал жөн эле металлолом. Көрдүңөрбү аэропорттун территориясын? Мына ошондой ангар менен, ошондой кухняны 3 млн долларга эле куруп койсо болот», — деген эле Ө. Текебаев ал жактан журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Бирок, тилекке каршы, ал убакта А. Атамбаевдин доору жүрүп жаткандыктан Ө. Текебаевдин айткандарын мамлекеттик телеканалдар жаап-жашырып көргөзбөй, тескерисинче анын өзүн шыбай башташкан. Кийин ушул эле Өмүрбек мырзанын айткандарын КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков да ырастап чыкканын кошумчалай кетели. Эл өкүлдөрүнүн айтымында «Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы жетекчиси Албек Ибраимов менен азыркы жетекчиси Эмир Чукуев бюджетке 12 млн доллар зыян келтиришкен. Азырынча бул маселе боюнча тергөө иштери жүрүп атканы маалым. Эгерде айтылган фактылар далилденсе, анда ансыз да оор айып тагылып аткан Албек Ибраимовго дагы бир жаңы кылмыш иши козголору турган иш.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу