АЛБЕК АЙДООЧУЛАРДЫ АЙЫПТООДО

Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаарында акыркы кездерде жол кырсыгы көбөйгөнү баарыбызга маалым. Акыркы убактарда эл ташыган маршруткалардын катышуусунда жол кырсыгы арбып, анын кесепетинен канчалаган жарандардын өмүрү кыйылып, нечендеген мекендештерибиз майыпка айланып жатат.

Бүгүн жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдордун абалы боюнча жыйын учурунда Бишкек шаарынын мэри акырын гана жоопкерчиликтен четтеп, баарын мыйзамга шылтап, анан калса айдоочуларды өтө дыкаттык менен текшерүү керектигин айтты.

Бишкек шаарында элдерди ташый турган 18 фирма катталганын айткан шаар башчысы мыйзамдардын жоктугуна шылтап, жол кырсыктары ошондуктан көбөйүп жатканын билдирди.

Бирок дал ушул 18 фирманы ирээтке келтирип, эл ташуу үчүн автобустарды жүргүзүү керектиги тууралуу эмнеге ойлонуп, ушул тармакты эмнеге көзөмөлгө албай келгени баарыбызга кызык болуп туру.

“балык башынан сасыйт” деген кеп бар кыргызда, анын сыңарындай шаар башчысы минтип алакан жайып, айдоочуларды текшерүүчү механизм жок деп алакан жайып отурса, эл ташыган фирмаларга кудай берип койду да.

Патент алып, жоопкерчиликтери жок деп бөжүрөбөй Бишкек шаарынын мэри катары жок дегенде шаардагы башаламан унааларды ирээтке келтирип койсо болбойбу жарыктык. Тартипти темирдей бекем сактап, баарын зыкылдатып башкарып турса жол кырсыктары жок дегенде азайбайт беле?!

Бийликтегилер күнөөнү өзүнөн башкага оодара салып, суудан кургак чыкканга көнүп алышты көрүнөт.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу