«Албарсты» — жашоо үчүн күрөш

Бир ай бою коомчулукта кызуу талкууланган «Албарсты» ролигинин көркөм тасмасы жарыкка чыкты. Тасмада эненин чексиз мээрими, баласын, үй-бүлөсүн сактап калам деген күрөшү чагылдырылган.

Албарсты мени басты,

Анан мен аны бастым,

Уу-уу….

Жогорудагы ыр саптары бир ай бою интернетте талкуу жаратып, социалдык тармактарда жарым миллиондон ашык көрүүчү топтогон.

Андан көп узабай бул ролик мистикалык жанрдагы “Албарсты” тасмасын жарнамалоо үчүн тартылганы белгилүү болду. Тасманын авторлору билдиргендей роликтеги ырдын, андагы кыздардын тасмага эч бир тиешеси жок экен.

Ошентип 31-майда «Манас» кинотеатрынын чоң залында аталган тасманын да бет ачары болду.

«Албарсты» — терс эмоция

“Албарсты” — мистикалык жанрдагы тасма. Анда бала асырап алган жаш үй-бүлө сырдуу, бир эсе адаттан тыш окуяларга дуушар болгону көрсөтүлөт. Бакма баланын оор, чиеленишкен тагдыры анын кийинки жашоосуна таасир этип, аны багып алган ата-энени дагы азапка салат.

Бирок тасманын кульминациясы көрүүчүлөр күткөндөй болбой, таптакыр башка өңүттө жыйынтыкталат.

Жаш эне Айнуранын ролун ойногон 21 жаштагы Тургунай Эркинбекова образды жаратууда кыйналганын айтты:

— Эненин ролу татаал экен. Мындай ролду мурда аткарбаганым үчүнбү айтор башында аябай кыйналдым. Өзгөчө балага эненин мээримин, сүйүүсүн жеткирүү кыйын болду.

Тасмадагы атанын ролун Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын актеру Данияр Байкожоев, асыранды баланы он жаштагы Улан Эркинбек уулу ойногон.

“Албарстыны» Нарында үч ай тартышкан. Экинчи пландагы ролдорду Нарын театрынын актерлору ойногон. Бюджетин жашырышканы менен тартуучу топ анчейин көп каражат сарпталбаганын билдиришти.

Тасма режиссер Бакыт Асылбек уулунун дебюттук иши.
Режиссер кино аркылуу баласын жоготкон эненин сезимин, эне-бала мамилесин көрсөтүүнү көздөгөн:

— Тирукмуш же мистика жанрында тасма жаратуу Кыргызстанда өнүккөн эмес. Мындан улам тасманы тартуу оңойго жок. Албарстыны көпчүлүк мифологиялык терс каарман катары кабылдашы мүмкүн, бирок ал адамдын санаасын, кайгысын, эмоциясын чагылдырат. Бул тасма үй-бүлөнү сактоого болгон күрөштү, эненин сүйүүсүн баяндайт. Ал боюнда бар аялдын бир түндүк жашоосу.

Тасманын сценарийи жаш актер Өмүрбек Нурдиновго таандык. Оператору Аскар Нуракун. Видео монтажды Элдияр Мадаким жасаган, үн режисеру Алым Турсунбаев. Ал эми тасманын саундтреги болгон “Коркпо” ырын Тынысхан жана Элендоор дуэти аткарган.

Белгилүү кино режиссер Эрнест Абдыжапаров мистикалык жанрда тасма тартууда адамдын психологиялык абалын таасын чагылдыруу зарылдыгын, буга бардык эле режиссерлор батынбасын айтты:

— Адамды күлдүрүү же коркутуу, эмоциясын чагылдыруу кыйын иш. Режиссер жана сценарист жаш, белгисиз актерлор аткарганына карабай тасма жогорку деңгээлде чыккан. Көрүүчүлөрдүн демин байкап отурдум. Менин келинчегим да коркуп отурду. Мистикалык жанрда кино тартуу негизи оор иш.

Ошол эле маалда Абдыжапаров тасмадагы айрым эпизоддордун кемчилигин да белгилеп өттү:

— Башынан аягына чейин көрүүчүнү коркутуп, улам жаңы жагдайларды көрсөтүп жатты. Анан эле аягын бир-эки бактылуу кадр менен бүтүрдү. Менимче, финал кыска болуп калды. Айрым жерлерде көрүүчүнү коркутам деп органикалык эмес көрүнүштөрдү колдоно берген. Бул кемчиликтерди эске албаганда баары жакшы.

Тасманын жабык өткөн бет ачарына 500гө чукул адам катышты. Ага келген Айбек аттуу көрүүчү таасири тууралуу буларды айтты:

— Аябай корктум деп айта албайм. Бирок жанымдагы кыздардын, аялдардын коркконун көрүп жаттым. Дайыма жеңил-желпи, күлкү чакырган тасмалар эмес, ушундай жанрлар да зарыл деп ойлойм.

Кыргызстанда жылына элүүдөн ашуун тасма тартылат. Алардын басымдуусу комедия жанрында. Буга чейин 2011-жылы мистикалык жанрда тартылган “Кызыл көйнөкчөн” тасмасы чыккан. “Албарсты” болсо 1-июндан тарта өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.

Булак: Азаттык
Аргумент.kg
Жооп калтыруу