Ала качып кетти, бирок жигитимди сүйөм, жигитим болсо…

Мен 4 жыл бир жигит менен сүйлөштум. Жигитимди аябай сүйөм. Ансыз мага жашоо жоктой. Абалымды чыныгы сүйгөн адам гана менин түшүнөт. 4 жыл ичиндеги романтика, сезимдерибизди айтпасам деле түшүнүктүү болсо керек. Бирок бир нерсени айтышым керек. Ошол 4 жыл ичинде жигитим өбүп, жыттап жүрсө да, бирге түнөп калганда, ал менин намысыма тийген эмес. Ал эмес сөз да болчу эмес. Май айында мага сөйкө салып Түркияга иштегени кетти. Тоюбуз августка белгиленген эле. Тилекке каршы, Түркияга кеткен соң бир жума өтүп мени ала качып кетишти.

Отурбайм дегениме карабай, апасы, туугандары сезимимди түшүнгөн жок, мени баласына салып беришти. Апамдар келип, кудалашып койгонбуз алып кетем дешкенде кеч болгон болчу. Мен шок абалда калдым. Оюма эч нерсе келбеди. Калам деп калып кеттим. Күйөөм ырайы суук эле. Ичет, чегет жана кол көтөргөнү ашыкча… Бир күнү сиңдим менен сүйлөшүп атсам ал айтып калды, Нурлан байке Түркиядан келген деп. Жер жарылбады, мен жерге кирбедим.
Нурлан ыйламсырап араң турду, сөйкөнү кармалап кете албай, мен тамашалап жаткандай, менден «жалган» деген сөздү күткөндөй болду дейт. Мени кууп кетишкендин эртеси үйгө барыптыр. Аны көрүп менин ыйлагым келди деген сиңдимдин сөзүн акырына чейин уга албай, өзүмдү кармай албай телефонумду өчүрүп алып өксүп ыйладым.

Биз жаны үйлөнгөн адамдардай эмеспиз, күндө урат, себебин билбейм. Малды (жын.катнашта) кылгандай мамиле жазайт. Эркелетиш жок. Тамакты да көп жейт имишмин. Чыдабай 1 ай болгондо үйгө келе бердим. Атам кичине кезибизде ажырашып кетишкен. Өзүнүн үй-бүлөсү бар. Бизге каралашпайт деле. 3 бир тууганбыз. Үйгө келип апама баарын айтып ыйладым. Апам болсо кайра мени урушту, айтпайт белең, кетем дебейт белең, элге жарыя болбой деп ыйлады. Жашабасаң жашабай эле кой деди.

Бөлмөмө кирип телефонумду жандырдым. (Алып качканда телефонум үйдө калган, Нурландын белеги болчу). Нурландан вотсап аркылуу келген смстери толтура экен. Ишенбей жатканын, тамаша экенин, чалып кой, өз оозунан угайын, кантип жашайм? Анан акырында бактылуу бол деген. Чынын айтсам өлгүм келди… Апамды аядым. Нурланга чалдым, мени күтүп жаткандай дароо алды. Мен сүйлөй албадым. Күйөөн каякта ?-дегенде ажырашам, үйгө келдим деген сөздү гана айттым. Синдим апам менен жатчу. Нурлан азыр барам деп телефонду өчүрдү. Апам кирдим да Нурила мени менен жатсынчы дедим да, ага бөлмөнү бекитип жат, мен келгенде эшикти ач, апам билбесин дедим.

Нурлан келип, адатынча маяк берди. Дайым келдим деген белгисин маяктан билчүмүн. Чыктым. Адаттагыдай мойнуна асылгым келди. Бирок анте албадым. Машинеге отур деди, отурдум. Экөөбүз дайыма барган шаардын четине бардык. Эч ким жок, жымжырт. Ал жерде көп күн эле бирге жатып калчубуз. Машиненин арткы орундугуна өттү. Күйөөңду көрдүм, неге андай кылдын? Мен эми кантем? Кантип жашайм эми, бирөөнүкү болгуча меники болсоң болбойт беле, үйүңө барайын дедим, жигитиң келди деп турмушунду бузбайын дедим.

-Ушунча жылдык сүйүүбүздү бир «чумого» алмаштынбы? -Көп эле суроону айтты, ушулардын жообун өз оозуңдан азыр уккум келет деп ыйлады. Мен бирине да жооп бере албай ыйлай бердим.

-Сен тийгиче мен уйлөнүп алсам мени түшүнөт элең, сенин жүрөгүң жок.

-Сен анын байлыгына кызыктың да ээ — деп сөөккө тийген сөздөрүн да аябады. Калышка мажбур болгонумду, чындыгымды айта албадым, Өчөшүп ортолорунда уруш болуп, бир нерсе болуп кетишпесин дедим. Мени кучактады, өптү, чачтарымдан жыттады… Мен ыйлап гана отура бердим. Жытыңды сагындым деп ыйлап да өөп да жатты. Көпкө отурдук кучакташып, уктап кетипмин. Козумду ачсам жарык түшө баштаптыр. Нурлан кучактаган бойдон уктап жатыптыр, ыйлап жатсам ойгонуп кетти да алдыга өтүп машинаны айдады. Үйгө алып келди, түшүп баратсам жаныма келип катуу кучактады да «бактылуу бол, эч качан ыйлаба»- деп мойнумдан жыттап-жыттап кетип калды. Үйгө кирип өксүп ыйлаганымды айтпа! СМС келди,» Жаным, сени унутуу үчүн эми эмне кылам айтчы? Сен эми бирөөнүн ак никелүү жубайысың, күйөөң сага ишенип жүргөндүр, келдим дегендерге чыга бербе, алар мендей эмес, жыттап, же өөп эле тим болушпайт. Суранам, мени сүйсөң күйөөң менен жаша, биринчи турмушунду сакта, мен аэропорттомун, Түркияга дагы 20 минутадан соң учуп кетем, бактылуу бол» дептир. Жооп жаза албадым. Мага жашоо тар туюлуп жатат. Жашагым келбей турат. Мен Нурланды сүйөм. Тагдырым талкаланды.

Жүрөгүнүн ээси бар кыздарды ала качышпаса экен. Дегеле ала качуу жоголсо экен. Бактылуу болуңуздар.

Булак: «Айымдар кж»

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу