Ала качуу боюнча иш: кечирим болуп, зордуктоо боюнча иш кыскартылды

Ленин райондук соту кыз ала качуу жана зордуктоо фактысы боюнча ишти карап, өкүм чыгарды. “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” айтканы боюнча, жабырлануучу тараптан кечирим берилип, сот тараптардын макулдугу менен зордуктоо боюнча ишти кыскартты. Ал эми ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы жаран жана анын кылмышка катышкан эжеси беш жылга кесилди. Анын үч жылы шарттуу негизде чегерилди. Айыпталуучу тарап моралдык зыян үчүн жабырлануучуга 400 миң сом төлөп бермей болду.

Ала качуу фактысы боюнча иштер сотко жетип, чечим чыккан учурлар сейрек кездешет. Укук коргоочу Абдирасулова процесс абдан оор болгонун билдирүүдө:

— Кыз ала качуу боюнча биринчи жолу сот чечими чыкты. Мурун тараптар кечиришип, жарашып кетишчү. Судья атайын соттук кароону создуктуруп туруп алды. Кыздын туугандарына басым аябай чоң болду. Туугандын тууганы, тааныштын таанышы ортого түшүп туруп алышты. Биз моралдык запкы үчүн 500 000 сомго жарандык доо койгон элек. Ошол моралдык зыяны үчүн 400 000 сом алып, «Зордуктоо» беренеси боюнча кечирим беришти. «Ала качуу» беренеси боюнча соттолушту.

18 жаштагы кызды быйыл 10-июнда Ак-Ордо конушунан Нарын облусунун Жумгал районуна ала качышкан. Жакындары ал мажбурлап никеге тургузгусу келген жаран тарабынан зордукталганын, ооруканада дарыланып чыкканын билдиришкен.

Милиция бул факты боюнча 155-берене («Ала качуу») менен кылмыш ишин козгоп, 24 жаштагы жаран кармалган.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу