Ала жипти аттаган соң…

Үй-бүлөнү сактап калуунун идеалдуу бир формасы жок, бакыт да түбөлүктүү эмес. Үй-бүлөлүк турмушка аттанып жатып ар бир адам жубайына туруктуу болууга ант бергенине карабай ала жипти аттаган учурлар көп кездешет. Мындай мүшкүл ар бир бактылуу деп эсептелинген бүлөнүн башына түшүп калышы мүмкүн.

Ала жипти көбүнчө эркектер аттагандыктан, анын жубайы да, көңүлдөшү да курмандыкка айланат. Бул экөөнүн ортосунда айыгышкан согуш кээде тымызын, кээде ачык эле жүрөт. Жаш көңүлдөштүн оюнда атаандашы серт жүздүү, оорукчан, кыялы чыр, жүдөө зайып болуп эсептелет. Бирок ошол зайып балдардын энеси экенин, ал күйөөсүнө колдон келишинче кам көрөрүн, оорукчан болсо да эртең эле өлүмгө камданып жатпаганын көңүлдөш унутпашы керек. Анан да көңүлдөш күткөн эркек күндө бир төшөктө жаткан аялы менен төшөк мамилесин токтотот деген жомокко ишенбесе.

Ал эми эркек кишинин бүлөсүн таштап кетиши чанда кездешет. Ага бир жагынан эки же андан көп аялдын мээрими ашыктык кылбайт. Тандоосун бир аялга токтоткон күндө да, үй-бүлөсүн таштап кетүүгө эрки жетпейт. Анткен күндө да көңүлдөшү менен жаңы үй-бүлө курууга чыгынбайт. Чечкинсиздиктин айынан өзү да, аялы да, көңүлдөшү да азап тартып жүрө беришет. Көңүлдөшү жылдар бою алтындай убактысын баалабаган адамга коротуп, атаандашын жектеп, сүйүктүүсүнүн чечимин күтүп жүрүп зарыгат. Ал эми аялы түгөйүнүн башка бир аял үчүн күйүп-жанып турганын көрүп, жан дүйнөсү жаракаларга бөлүнүп, канткенде туура кадам таштаарын билбей сыздайт.

Кечириш керекпи же ажырашыш керекпи?
Ала жипти аттаган соң «Мындан аркы жашообуз кандай болот?» деген суроого жооп табуу керек болот. Балалуу болгондон кийин ажырашуу чечимин кабыл алуу абдан кыйынга турат. Андыктан кечирүүгө туура келет, албетте, үчүнчү киши болбойт деген убада менен. А бирок өмүр бою ишенбөөчүлүк менен жашап, кийинки бир чөп салуудан шекшинип жүрүп өтүү да жан дүйнөнү азаптан куткарбайт. Андыктан кечирүү керекпи, ажырашуу керекпи, жакшылап таразалап, ар бир адам өзүнчө чечимге келгени оң. Төмөндө турмуштан алынган ар кыл чечимдер жөнүндө сөз болмокчу.

Аида: 
“Укпай, билбей калганым жакшы”
– Максат мен үчүн бир көргөндө эле кыялымдагы адамга айланган. Ага турмушка чыкканыма тагдырыма миң мертебе ыраазы элем. Биз таанышкан күндөн баштап аны башка бир келин менен көргөнгө чейин өзүмдү чексиз бактылуумун деп эсептээр элем. Ал ала жипти аттаган соң, менин жашоом ага чейин жана андан кийин болуп экиге бөлүнүп калды. Ата-энем мени назик гүл сыңары алпештеп өстүрүп, анан Максаттын колуна тапшырышкан эле. Ал да мени ар кыл балээден сактап, идеалдуу турмуш жөнүндөгү иллюзияны түзүп келиптир. Єз башыма келген соң, эркектер бир түнгө деле, үзгүлтүксүз, бир учурда бир канча аял менен деле мамиле кура берерине ишенип, бул чындык экенине ынандым жана бул чындык кандай күчтүү аял болбосун басып саларын түшүндүм. Тегерегимде мага окшогондор көп экенин, алар ар кыл айлаларга барарын билдим. Бири тез арада көзүн карап баштаса, бири жашыруун өч аларын, а бири көңүлдөш менен мамиле такташарын билдим. Бирок мен мындай жолдорго бара албадым. Аны кармабоону чечтим. Мына ушундан баштап анын театр оюну башталды. Жалдырап, менин көзүмдү карап, бир жолу кечиришимди суранды. Белек-бечкектерди себепсиз жаадырды. Көңүлчөөк жаным аны кечирдим. Азыр экинчи балабызды күтүп жатабыз. Андан бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Бирок, чынын айтсам, бул убакыт жан дүйнөмдөгү жараларды айыктыра элек. Єткөндү эстебегенге аракет кылам. Болгону келечектен күткөнүм, күйөөмдүн солго басканын билбей эле, укпай эле койсом дейм.

Каныкей: 
“Азил катары мамиле кылам”
– Дайыма ала жипти бай эркектер гана аттайт деген түшүнүктө элем. Самат түнкү клубда кароолчу болуп иштегендиктен, анан да лөкүйгөн, өңү сертирээк болгондуктан, аны кызганчу деле эмесмин. Ал мага гана керектей, эч ким деле кызыкпаса керек деген ойдо жүрүптүрмүн. Көрсө, жаңылыптырмын. Элнура биздин үй-бүлөнүн 5 жылдык мүчөсү болду десем да болот. Башында Самат экөөбүз ажырашып жүрдүк. Ал мага убадасын берип, экинчи Элнурага жологус болот. Мен жарашкан соң, эки ай өтпөй Элнурасы менен дале жүрүп жатканынан кабардар болом, же Самат кетип калбайт, же мени коё бербейт. Акыры жүрүп отуруп “уялбагандан өзүң уял” болуп жатабыз. Эми Элнура мага ачык эле телефон чалчу болду. Алардын сүйүүсүнө тоскоол болбошумду суранып, жалдырайт. Мен ага ажырашканга каршы эмес экенимди айтам. Ал Самат менен мамилесин такташып баштайт. Самат Элнурасы мага чалып жатканына ачууланат. Ал да мен сыяктуу Саматтын кылыктарын кечирип жүрдү. А мен бара-бара башымды оорутпай, күлүп гана койчу болдум. Акыры беш жыл өткөндө Элнура эсине келди. Бир күнү мага чалып, 31ге чыкканча Саматты күткөнүн, гүлдөй жайнаган жаштыгын ага арнап, акыры ай-талаада калганын айтып арызданды. Экөөбүз жакын курбулардай сүйлөшүп, акыры ал бактысын башкадан издемек болду.

Инабат: 
“Эч качан коё бербейм”
– Жашаганыбызга 16 жыл болуп калганда Арзыматтын башка бирөөнү катуу сүйүп калганын сездим. Мурда эле анча-мынчасын билчүмүн. Бирок өзүмө ишенгендиктен, анын сүйүүсү бат өтүп кетерин билип, көңүл койчу эмесмин. Бирок бул жолу олуттуу сүйүүгө жолукканын жүрөгүм сезди. Мага да мынчалык ашык болбогонун ичимден мойнума алдым. Эптеп менин көңүлүмдү жайгарып үйдөн качууга аракет кылган, телефонун колунан түшүрбөй, СМС келсе бактылуу жылмайган күйөөмдү бир чети кызгансам, эки жардын ортосунда калган күйөөмдү бир чети аяйм. Бирок жашыбыздан кураган мамлекетибиздин урашын каалабадым. Көрүнүктүү, ийгиликтүү күйөөмдү көчөдөгү бирөөгө тарттырып жибергим келбеди, балдарым атасыз, көчүп-конуп квартиралап жүргөн күндөрүм акыбетсиз калбасын дедим. Андыктан экөөнүн мамилесин бир жыл ичинде токтотууну алдыма максат кылып койдум. Арзыматтын бош убактысынын баарын балдарды бир жакка алып барганга, дем алыштарды туугандар менен, достор менен өткөргөнгө жумшап калдык. Ортодо же мен ооруп калам, же балдарым. Анан да балдар чоңоюп келатат деген шылтоо менен чоң үй салып баштадык. Кайындарым мен жакта болгондуктан, Арзымат менин сунуштарымдан баш тарта албайт эле. Андыктан анын көңүлдөшүнө убактысы да, каражаты да дээрлик калбай калды. А көңүлдөшү болсо тартып кете албаганына ачууланып, анын кыжырына тийип алды окшойт. Акыры Арзымат бизди тандап алды. Ырас, бул ортодо күйөөмдүн бир аз картайа түшкөнүн байкадым. Антсе да чечим аныкы болгондуктан, өзүмдү күнөөлүү сезбейм жана бул кармашта жеңип чыкканыма сыймыктанам.

Айгүл:

«Аялдын акылман болгону дурус»

— Ишендин башынан эле көңүлдөштөрү бар экенин билем. Бирок үйдө жароокер жар жана мээримдүү ата, анан да бай, кызматтагы киши болгондуктан, мен баарына көз жумуп, акылман аял болгонго аракет кылып келем. Бизди тааныгандардын баары менин токтоолугума баа берип келишет. Бирок Ишендин Майрам аттуу келин менен курган мамилеси 8 жылга созулуп кетти. Ишен экөөбүз анын сырттагы мамилелерин эч качан сөз кылчу эмеспиз. Бул бизге норма болуп калган. Бирок анын 5 күндүбиз менен, ал эми дем алыштарды Майрамы менен өткөзгөнү адатка айланганда өзүмдү коёрго жер таппай жүрдүм. Менин жашоом театр сыяктуу, анда Ишен экөөбүз тең жакшы актёр сыяктуу ойноп жүргөнүбүз туура эмес экенин билип туруп, андан баш тарта албадым. Акыры «жок дегенде 5 күн сүйүктүү ата жана камкор күйөө болгонуна шүгүр» деп үй-бүлөмдүн бүтүндүгүн, балдарымдын барчылыкта жашашын туура көрүп, өзүмдү көндүрдүм. Жашаганыбызга 22 жылдан ашты. Ала жипти аттаганы болбосо, ал бизди бардык жактан камсыздап, бир да жолу бизден кетем дебеди.

Булак: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу