Ала-Буканын акимине КАЙРЫЛУУ: «Эгерде маселени чечпесеңиз, кезексиз митингке чыгабыз…»

Өрүктү айыл өкмөтүнүн тургундары Соломо участкасында иштеп жаткан «KGM LTD» компаниясына каршы кезексиз митингке чыгышып, Ала-Бука районунун акими С.Акпаралиевге жана Ала-Бука районунун прокурору М.Жормоновго кайрылуу жөнөтүштү (кайрылууну сүрөт жана текст түрүндө сунуштайбыз):

Урматтуу Сонунбек Абдылдаевич, Мелис Осмонбаевич! Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:

Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасында «KGM LTD» ЖЧКсы 2010-жылдан бери алтын казуу боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ушул убакыт ичинде жергиликтүү тургундардын ой-пикирин эске албастан өзүм билемдик менен иш жүргүзүп келе жатат. Кее бир инсандардын ишеничине кирип айылдарды уруштуруп жибергенге чейин барган учурлар болгон.2015-жылдын 23-июнунда түзүлгөн келишим боюнча бүгүнкү күнгө фирма 6 900 000 (алты миллион тогуз жүз миң) сом карыз экендигине карабастан,эл менен эсептешпей 2017-жылдын декабрь айында иш башташкан. Нааразы болгон жергиликтүү тургундар фирманын ишин токтотконго мажбур болушкан. Аз убакыттын ичинде бир нече жолу чогулуштар өтүп,карыздарын төлөө боюнча шарттар коюлган жана андан кийин жаңы келишимдин негизинде иш баштоо боюнча чечимдер кабыл алынган. Бирок,ошого карабастан карызды төлөөдөн качуу максатында жергиликтүү тургундарга,кеңештин айрым депутаттарына,айыл өкмөт башчысына укук коргоо органдарына кайрылуу менен кысым көрсөтүү фактылары катталууда. Бул нерсе элдин кыжырдануусун кайра күчөтүүдө. Эгер ушундай жол менен иш тутса фирманын мындан ары иш жүргүзүүсүнө эч ким кепилдик бербейт.

Ошондуктан ушул маселелерди мыйзам чегинде 1 жумалык мөөнөттө чечип берүүңүздөрдү суранабыз. Эгер маселе оң жагына чечилбесе кезексиз митингке чыгып,тийиштүү органдарга кайрылуу менен фирманын ишин токтотуу иш чараларын баштоого барарыбызды эскертебиз!

5-январь 2018-жыл

Даярдаган: Эрнист Атабеков!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу