«Ала-Арча» паркында 20 жаштагы кыз башына таш кулап каза болду

Окуя 5-май күнү кечке жуук катталган.

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында 20 жаштагы кыз башына таш кулап каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 5-май күнү кечке жуук катталган.
«Ала-Арча» паркындагы мейманканалардын биринин тушунда 20 жаштагы кыздын үстүнө таш кулап ал ошол жерден мерт кеткен. Кооптуу объектилерди көрүп жүргөн куткаруучулар кыздын сөөгүн алып түшүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, каза болгон кыз Мамлекеттик медициналык академиясында 3-курста окучу. Кырсыктын келип чыгуу себептери учурда иликтенүүдө.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу