Аламүдүн райондук милициясында зөөкүрлөр иштейби?

НТС каналында ТВ-Кайгуул программасынын журналисттери Аламүдүн райондук милиция кызматкерлеринин зөөкүрлүгүн ачыктаган жакшы материал даярдашыптыр.

Анда маc абалындагы милициянын майору Камчыбек уулу Жолдошбек деген тергөөчү жол кырсыгына себепкер болуп, жоопкерчиликтен качуу максатында ар кандай ыкмаларды колдонуп жибергенин көрүп айласыздан баш чайкадык.

Мыйзам боюнча жол кырсыгы катталып, эки унаа сүзүшкөндө унаанын айдоочулары МАИ кызматкерлери тарабынан наркологдордон өтүшү керек болсо, тергөөчү Камчыбек уулу Жолдошбек наркологго барбай туруп, кесиптештерине чалып алып кетүүсүн суранган.

Аламүдүн район­дук милициясынын кызматкерлери Камчыбек уулу МАИ кызматкерлерине бербестен уурдап кетишип, Чүй областтык ооруканасына жаткырып коюшкан. Карапайым адамдар милициялар үчүн адам эмес экенин далилдеп коюшкан. Азыркы милициянын жүзү ушундай…

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу