АЛАМҮДҮН БАЗАРЫНЫН ЖАНЫНДАГЫ ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК НОЯБРДЫН ОРТОСУНДА АЧЫЛАТ

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Аламүдүн базарынын жанындагы жер үстүндөгү өтмөктүн биринчиси ноябрда ачылат.

Маалым болгондой,  курулуш  иштери дээрлик аягына чыгып калды.  Болгону лифтти орнотуу иши созулуп жатат.

Объект октябрдын башында колдонууга берилмек, эми бул мөөнөт ноябрдын жарымына жылды.

Эске салсак, шаарда унаа тыгындарын азайтуу максатында жер үстүндөгү айнек өтмөктөр курулууда.

Анын экинчиси Чүй-Алмата көчөлөр кесилишинде салынып жатат.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу