Алайда Келдибековду президенттикке аттандырышты

Акматбек Келдибековду Алайда эл менен өткөн жолугушуусунда президенттикке аттандырышты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна анын кеңешчиси Шайырбек Маматокторов кабарлады.

— Акматбек Келдибеков өзү туулган жер Алайда эл менен жолугушуп, бата алып, шайлоого аттанды. Аксакалдар менен кеңешти. Аны ак боз атка миндиришти, чепкен жаап, калпак кийгизишти. Жанында коштоп саясаттагы өнөктөшү, досу Камчыбек Ташиев жүрөт. Дагы бир топ саясатчылар, депутат Улукбек Ормонов да бар.

Келдибеков азырынча өзү расмий билдирүү тарата элек.

“Азаттыктын” “Келдибековдун талапкерлиги Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров менен түзүлдү деп быйыл январда жарыяланган үчилтиктин атынан көрсөтүлүп жатабы?” деген суроосуна Маматокторов “Аны айтыш кыйын. Себеби Мадумаровдун позициясы эч кур дегенде мага белгисиз” деп жооп берди.

Мадумаровдон комментарий алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибеков коррупция үчүн соттолгон, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Расмий түрдө талапкер болуп катталуу үчүн аны партиянын съезди көрсөтүшү керек же өзүн өзү көрсөтүп жатса 300 миң кол топтошу зарыл. Мындан тышкары, күрөө талабы бар. Анын өлчөмү азыр такталууда. (RK)

 Булак: azattyk.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу