Ак-үй шыбырт…

Ак-үйдүн тушунда Кыргызстандагы эң колтойгон коомдук уюм бар, ал – Кыргызстан профсоюздар Федерациясы. Кесиптик кошуундар учурда эмне менен алек болуп жатат деген суроого, ошол жердеги билерманы деле, башкармасы деле айта алчудай эмес. Бизге жеткен маалыматка таянсак, федерация ичинде кырдаал оор экен, профсоюздук көпчүлүк учурдагы төрага Мирбек Асанакуновдун ишмердүүлүгүн катуу сынга алып, бир топ убакыттан бери аны кетиргиси келип жатышыптыр. Бир ай мурун Асанакуновго 30 күндүк убакыт берип, — “сыйың менен кет” дешкен экен, бирок ал киши дагы эле креслого жармашканы жармашкан. Ичиндегини төкпөй-чачпай айтып берген КПФын Кеңешинин мүчөлөрү – “абал мышык ыйлагандай”, деп жатышат. Профсоюздун кеңешинин мүчөлөрү аргасыз, көчөгө чыгып, митинг-пикеттерге камданып жатышыптыр. Андан тышкары, Асанакуновдун ишмердүүлүгүнө ак-үй менен көк-үй дагы көз салып, баштарын чайкап нааразы болуп жатканын бизге өздүк булактар маалымдашты.

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу