Ак үй –ШЫБЫРТ: Темир Сариев темир торго кетпейби?

Мурдагы жол чырынын артынан жогору жактын буйругу менен жолго түшкөн Өкмөт башчы, учурда президенттикке талапкер Семир Сариевдин үстүнөн текшерүү иштери аягына чыгып калган имиш.

Демек мындай текшерүүнүн жыйынтыгы менен Темир Сариев кайрымакка илинип, эркиндик менен кош айтышып калышы мүмкүн. Ишенимдүү булактардын айтымына караганда Темир Сариевге Балыкчы-Корумду жолу ийгиликтин ачкычын жабат.

Өз мезгилинде аталган Балыкчы-Корумду жолун президент Алмазбек Атамбаев, “диверсия” деп атаганы бар. Эми Темир Сариев, “президент болсом темирдей тартипти орнотом”, деп “аташкабыздын” жинине тийе берсе, арты жакшылык менен бүтпөй тургандыгы байкалууда.

Эске сала кетсек, Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу