Ак үй –ШЫБЫРТ: Дагы 15 аткаминер камакка алынат…

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүмү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына киргизилип камакка алынды. Камакка чейин, «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси абакта жаткан Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаев тергөөдө беттештирилип, суракка алынган эле.

Кечээ, 5-июнда ЖЭБди модернизациялоо боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да тергөө иштери бүткөнгө чейин УКМКга камалса,  Бишкектин мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов, Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берилген акчаны «мыйзамсыз коротууга тиешеси бар» деген айып менен Сапар Исаковдун артынан ээрчип кетти.

Бизге жеткен такталбаган маалыматтарга таянсак,  дагы  — 15 аткаминер камакка алынып, анын арасында -5  Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү бар.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу