Ак үй — ШЫБЫРТ: Бороновдун ордуна Камчыбек Ташиев олтуруп калышы мүмкүн дешүүдө.

Бизде бир эле министр бар, өкмөт алмашкан сайын өзүнүн ордун сактап калган. Ал Кубатбек Боронов экенин баарыбыз билебиз. Боронов кимдир бирөөгө жакшы “жүгүнгөн” үчүн кайыш креслосун сактап калып жаткан жок. Ал өз ишин так аткарганы, күчтүү кадр экени менен кызматынан кыйшайбай келүүдө.

Олку-солку болуп турган азыркы өкмөт көпкө барбай турганы маалым. Кийинки өкмөт мүчөлөрү кимдер болот деген маселе эмитен эле бүйүр кызытууда. Бул өкмөт отставкага кетип, жаңысы келсе Кубатбек Бороновго да көптөн бери ээлеп олтурган ӨКМ буйрубай кала турганы маалым болду. Бороновдун ордуна Камчыбек Ташиев олтуруп калышы мүмкүн дешүүдө.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу