Ак үй мыктылары менен түрмөдөгү ачуусу чукул зектерден бери Икрам Илмияновду зарыга күтүп атышабы?

Ажылыкты шылтоолоп качып кеткен Икрам Илмияновдун келбей турганы, эгерде Бишкектин босогосун аттаса эле кө-өп суроолор коюлары жең ичинен айтылууда. Интернет айдыңында шопурдун баш айланткан байлыкка жеткени кыйла суроолорду жаратып, элдин үрөйүн учурууда. Ага карата даттануу, бизнес жаатына байланыштуу арыздар да жазылдыбы? О.э. тирукмуш коррупциялык схемалардын «дирижеру» болгону да ачыкталабы? Сыягы, ушул өңүттөгү баалуу материалдар УКМКда сыр катары сакталып турса, аз күндө ачыкталабы? Айтор, Акүй мыктыларынан түрмөдөгү ачуусу чукул зектерден бери Икрамды күтүп атышканы бекеринен эмес го…

Булак: ”Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу