Ак үйдүн жанындагы кафедеги жарылууну ӨКМ тастыктады


Жалпы аянты 130 чарчы метр болгон кафе толугу менен күйүп кетти

 Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багынын жанындагы «Аист» кафесинде газ баллондор жарылып, имарат толугу менен күйүп кеткендигин ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

«Кафенин ичинен үч газ баллон жарылган. Өрт өчүрүүчүлөр 40 жана 20 литрлик эки баллонду алып чыгышты. Жалпы аянты 130 чарчы метр болгон кафе толугу менен күйүп кетти», — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар болгон жок.

Жарылуунун себептери такталууда.

Булак: Спутник.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу