Ак үйдүн апендилеринин жоруктары….

Илгертен бери бай- кедей болуп бөлүнүп, жашоо мыйзамы салттуу уланып келгени тарыхта белгилүү, ал доор — ​Көчмөндөр доору деп аталган. Азыркы биздин ошол кездеги салык менен азыркынын цивилдүү доордогу кыргыз турмушунун айрымасы барбы? Мансаптуулардын, бийлердин укум- тукумуна чейин уланып келген салттуу жапайы мыйзамын үстөмдүк кылганда дагы баш ийип жашоо кечирген элге, ошол доор кайтып келдиби? Жана азыркы бийлик капчыктуулардын мыйзамы үстөмдүк кылган мезгилди оң жолго сала алабы?

Аманбол Бабакулов, Жарандык активст:  -Азыр да салыкты крышасы жок карапайым эл төлөйт, а биздин чиновниктер салыкчыларды коркутуп- үркүтүп төлөбөс амалы менен жашап келет.

— Эң жакшы маселени коюптурсуз, салыкты азыр да крышасы жок карапайым эл төлөйт, а биздин чиновниктер салыкчыларды коркутуп-үркүтүп төлөсө 10 пайызын төлөшү мүмкүн анда дагы. Биздин карапайым элден 100 пайыз төлөтүп алышат. Болбосо, ишканасы болобу же ашканасы болобу төлөбөсө жаап салышат! Бизде жыл сайын салык аз чогулуп келет, себеби, эч ким бергиси келбей мамлекеттин эсебинен жеп жашап көнүп калышкан. Аларга эч ким унчуга да алышпай жатат. Алар кимдер? Баягы эле чоңдор же бизнесмендер, ак үй менен көк үйдүн адамдары, ошолордун илик-жааттары болуп келет. Бизде салык маселеси ушундай башаламандыкты жаратып жатса кайдан, мамлекетти сактап кала алмакпыз. Элге жөлөк пулдарды кантип көбөйтүп бере алабыз. Биз мыйзамды сыйлашыбыз керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу