«Ак торпокко» атака күчөөдө

«Ак торпок» деген псевдоними бар белгилүү журналист, калемгер Султан Жумагуловдун Маданият жана маалымат министрлигине дайындала башташы  өлкөнүн ММКларында «ажиотаж» жаратып жиберди. Болгон суроонун баары эле «КТРКны жетектеп турган кезинде Монголияга бара жатып аракты ашкере ичип алып самолетто Монголиянын Президентине акидей асылыптыр «,- деген маалыматтын убагында тарап кеткендиги жөнүндө болду окшойт. Ошондо Султан Жумагулов өз каалоосу менен арызын жазып КТРКнын жетекчилигинен кетип калган. Эми минтип Маданият министрлигине көрсөтүлүп жаткан учурунда ошол унутулуп бараткан окуя кайрадан суурулуп чыкты. Жумагулов болсо ичкенин мойнуна алып бирок, эч кандай четтен ашкан аракеттрди жасабагандыгын айтат. «Эгер чындап эле ошондой болсо анда дароо чара көрүшмөк»,-  деп кошумчалайт. Мындай талкууга жаңыдан дайындылып жаткан эч бир министр түшпөсө керек.

Султан Жумагулов калеми курч публицист экендиги талашсыз. Адагенде ЭЛТРди андан кийин КТРди ордунан козголтуп жаңы бир нукка салууга аракет жасаганы ойлонгон көрүүчүлөргө белгилүү.

Ошол эле учурда Монголияга бараткан самолеттогу окуя да козголуп жатпайбы.

Парламентарийлер эмне деген чечимге келишет. Шайланып калса Султан Жумагулов капчыгы каңгыраган татаал министрликти кантип башкарат? Же чындап эле мыкты иштеп кесиптик жолун дагы «кара такты» жууп кетиреби? Айтоор эки анжы ойдун чындыгы жакынкы мезгилде эле ачыкка чыгаар.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу