Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу…

Ак көйнөктө көбүнчө колтук тушта сары так калып калат. Албетте тердин изи. Ал такты кол менен жуусаңыз да, кир жууган машинага салсаңыз да ошол бойдон чыкпайт.

Сары такты кетирүүнүн жолу бар. Сизге болгону бир нерсе гана керек ал – аспирин (ацетилсалициловая кислота).

Эки таблетка аспиринди майдалап алып, идишке (чоң эмес, чакан идиш тандаңыз, себеби жарым стакан сууну таппай калууңуз мүмкүн) майдаланган аспирин менен кир жууган айнаны салып, үстүнө жарым стакан жылуу суу куюңуз. Жакшылап аралаштырып, ак көйнөктүн так болгон жерин ошол кошулмага малып, жышыңыз.

Аябай жышып жуугандан кийин, ушул суунун ичинде көйнөктүн так болгон жерин 1-2 саатка калтыра туруңуз. Убакыт өткөндөн кийин көйнөкти жөнөкөй кир жууган ыкма менен жууп, жайыныңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу