“АК КАРГА” АКАЕВ КСДПЧЫ ДЕПУТАТТЫН КАЛПЫН ЧЫГАРДЫ

Венгрия сунуштаган гранттык (бекер окуу) орундарга сунушталган тизме чыры бүтө элек. Кечээ эле бийликчил КСДП фракциясынын катарынан чыгарылган “ак карга” Жанар Акаев бүгүн дал ошол КСДПчылардын былыктарын чукуп, калптарын чыгара баштады. Булардын бири Венгрия сунуштаган гранттык орундарга тизменин Билим берүү министрлиги тарабынан “бармак басты, көз кысты” кылып жөнөтүлгөнү коомчулукта резонанс жаратты. Акаевдин айтымында, Кыргызстан Венгрия менен 25 студентти акысыз окутуу боюнча грантка кол коюшкан. Бирок тандоо учурунда арыз берген 100дөгөн балдардын документтери жиберилбей, алардын ордуна Билим берүү министрлиги өкмөттө, Жогорку Кеңеште иштегендердин балдарынан турган тизмени жөнөтүшкөн. Бирок, булардын арасында кызы да ошол жакка окууга өттү делген КСДПчы депутат Мурадыл Мадеминов “”Жанардын тууганы өтпөй калса керек, чычалап жатат, менин кызым онлайн экзаменден өтүптүр” деген мааниде ММКларга маалымат таратты. Бүгүн, 24-майда депутат Жанар Акаев кесиптеши М.Мадеминовдун калпын чыгарган дагы бир билдирүү таратты.

Венгрияга сынак адилетсиз өткөнүнүн далили

1) Жалпысы 118 талапкер документ тапшырган. Бирок бир дагы талапкер менен тандоо комиссиясы же министрлик (собеседование) аңгемелешүү, маек өткөргөн эмес. Англис тилин билүү деңгээлин текшерген эмес. Мага далай ата-эне, талапкер кайрылды. Англисче билет деген сертификатты азыр ар ким алып, тиркетип кое алат. Демек бирөө 13 тил билем деп жазып койсо, ал окууга тандалып калабы? Же сүрөтүнө, боюна карап эле тандап коюшабы?
2) Комиссияга 25 гана адамдын тизмеси берилген, алар бекитип койгон, калган ЖҮЗдөй адамдын документин эмнеге карашкан эмес?
3) Венгриянын өзүнө катталып, документиңди министрлик аркылуу жибер, күтөбүз деген жоопту алгандар да бар. Кийин министрлик сиздин документти жиберген жок деп кат алышкан. Бир талапкерди болсо, Сиздин документиңизди чакыртып алды министрлик деген жооп келген. Факты турат. Дагы далай нюанстары бар.

Ал эми депутат мырза “Жанардын тууганы өтпөй калса керек, чычалап жатат, менин кызым онлайн экзамен берген” деп айтты. Мен тууганымды мындай жол менен окууга жиберүү түшүмө да кирбейт, бул биринчиси, экинчиден онлайн сынак али боло элек, калп окшошпой калды бул жерде.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу