Ак калпакка өзүнчө макам ыйгаруу сунушталууда

Кыргызстанда ак калпакка өлкөнүн маданий символу деген макам берүү сунушталып жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланат.

Долбоордун авторлору — “Республика Ата-Журт” фракциясынан Экмат Байбакпаев жана “Бир Болдон” Бакирдин Субанбеков.

Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими — калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган.

Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу