Ак ийилет бирок, сынбайт — деп, Кыргыз эли бекер айтпаган тура

Бүгүн 1- Май райондук сотуна Өмүрбек Текебаев тараптан 30 тан ашык күбө барып, сот алдында Текебаевдин ак экенин тастыктап берүүгө даяр турушту. Эскерте кетчү нерсе, күбөлөр кайсыл бир мам. телевидение, же басылмаларында айтылмакчы жалаң эле Ата Мекенчилер эмес экен. Кыргыздын бир топ абройлуу, эл сыйлаган аттуу баштуулары жүрүшөт.

Ал эми айыптоочулар тараптан мен байкагандан аталган 7 күбөнүн бирөөсү да келген жок. Соттун алдында Чотонов менен Текебаевдин күнөөсүн далилдеп, эч ким чыгып, алардын жүздөрүнө карап, күнөөсүн айтып берген жок.

Анан эң кызыгы эртең менен саат 9 дар чамасында сот башталып жатканда, милиция кызматкерлери элди сот залына киргизбей кармап, биринчи күбөлөрдүн кирүүсүн өтүнүштү. Анан:
Модин,
Маевский,
Абдырахманов жана башкаларды чакырып, алардын фамилияларын окуй баштады. Эки жакты карап койобуз, кайда бул аты аталгандар деп. Иши кылса, бирөө да кирген жок.

Сттук отурумдун жүрүшүндө Ата Мекендин лидери Өмүрбек Текебаев: Мен өз күнөөмдүн жок экенин толук тастыктай алам. Соттук процессти эл алдында ачык, керек болсо түз эфиден берип өткөргүлө. Мен силердин мага коюп жаткан ар бир айыбыңарга так, докуметтер, далилдер жана күбөлөр менен толук жооп бере алам! Анткени мен акмын урматтуу судья!» — деп айтты.

Шайырбек Абдрахман

Аргумент.kg
Жооп калтыруу