Акыры Гүлзат Мамытбек кимге турмушка чыгарын айтты.

Белгилүү блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактарда кызуу талкуу болгон  Чыпалак баатыр менен аны баш коштургусу келгендерге жооп кылып “Азия-ньюс” гезитине маек берди.

“Менин “Азия-ньюс” деген гезиттеги интервьюмду оку, берекем”,-деп жазды ал өзүнүн Инстаграмдагы жана Facebook баракчаларына.

Бул посттун алдына окурмандар “Чыпалак баатыр сенден алыс чырылдап жүрсүн…”,”Экөөң сонун пара болот элеңер каап…” деген пикирлерин калтырып кызуу талкууга алышууда.

Маекте негизинен Гүлзат Мамытбек Чыпалак баатырга турмушка чыкмак тургай аны жакындан тааныбасын дагы айткан.»Мен Чыпалак баатырга эмес,Том Курзга же Берд Питке тием»,-деп билдирген Мамытбек.

Эскерте кетсек, буга чейин, социалдык тармактарда Чыпалак баатыр менен Гүлзат Мамытбекти баш коштурууну каалагандар көбөйгөн.

Себеби экөө тең жубай издеп коомчулукка кайрылышкан болчу.

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу