Акыркы коңгуроо эсте калсын десеңиз…

Акыркы коңгуроонун шыңгырагын угууга саналуу күндөр калды. Бүтүрүүчүлөрдүн жүрөгүндө толкундануу. Чоң өмүргө кадам басууга аз гана убакыт калды.

«Акыркы коңгуроо» салтанаты эсте калсын десеңиз, төмөндөгү нерселерге маани бериңиз!

Акыркы коңгуроо – балалык чак менен коштошуу, дал ушундай эсиңизде калсын! Сиз эми мектеп окучуусу эмес, чоңдордун жашоосуна кадам баскан адамсыз. Жоопкерчиликти сезиңиз!

Акыркы коңгуроону – кыялдарга алып барган жол

Коңгуроонун үнүн жөн гана кабыл алып койбой, ар бир шыңгырды кыялдардын башталуусу деп түшүнүңүз. Максатыңыз жакшы адам, кесипкөй адис болууга талпынуу. Ал үчүн сынактардан сүрүнбөй өтүш керек.

Акыркы коңгуроо – мектептин акыркы танаписи

Коңгуроо үнү угулаар замат эшикке жүгүрүп чыккан маалдар эсиңизге түшөт чыгаар. Ар бир коңгуроо кезиндеги күбүр-шыбыр сөздөр сизди кайра мектепке алып келбесе да, эсиңизде сакталат. Себеби сиз сезесиз. Сиз эми жашоодо андай танапис, үзүлүш болбой турганына көнөсүз.

Акыркы коңгуроо – мугалимди эске алуу

Үнүн укканда селт этип ойгонгон убагыңыз, класска мугалимдин кирип келген кадамы – баары эсиңизде калат. Ушунун баарын акыркы коңгуроодо линейкада турганда эске алып, ойлоңуз. Кайрылып келбестигин эстеңиз.

Акыркы коңгуроо – достуктун обону

Мектептин короосунда согулган ар бир коңгуроо жаңы достор менен тааныштырат. Алар менен сыр чечишип, аңгеме курасыз. Дал ошол досторуңуз жаңыңызда сиз менен бирге чыныгы өмургө канат каккылап турат. Ошондуктан алардын кадырын билиңиз! Акыркы коңгуроо эсте калсын десеңиз, ошол маалдын ар бир мүнөтүн сезиңиз. Досторду, мугалимди керек болсо класстагы эң жаман окуучу менен эң сулуу кызды ойлоңуз. Себеби бул учур кайра кайтып келбет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу