АКЫРКЫ КОҢГУРОО АЗЕМИНЕН «ФОТОРЕПОРТАЖ»

Бүгүн Бишкек шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты болду.

Борбордо 1048 окуучу 9-классты, 5747 окуучу 11-классты аякташты.

Бишкектеги №31-мектеп гимназиясында акыркы коңгуроо салтанаты болуп, ага Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий катышты.

Куттуктоо сөздөрүнөн соң кичинекей класстын окуучулары бүтүрүүчүлөрдү ыр-бий менен куттукташып, ал эми мугалимдер болсо концерттик программаларын тартуулашты.

Салтанаттын акырында бүтүрүүчүлөр вальс бийлешти.

Андан соң салтка айланган коңгуроо кагылды.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу