Акылы тунук, мүнөзү курч «балашка» Жанар Акаев

Кечээ күнү экс-президенттердин макамын алып салуу боюнча И. Масалиев жана К. Зулушевтердин мыйзам долбоору талкууланып жатканда, процедуралык суроо менен микрофонго чыккан Жанар Акаев “Эмне үчүн жыйынга Конституциялык Палатанын төрагасынын орун басары К. Киргизбаев катышып жатат? Бул Конституцияга каршы келет. Судьялар эч бир жерде отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Эртеби-кечпи бул талкууланып аткан дагы мыйзам алардын алдына барып түшөт, алар пикир айтууга укугу жок. Мыйзам бузулуп жатат бул жерде” деп жаш депутат болсо дагы мыйзам менен процедураларды даана жана так түшүнгөнүн көрсөтө алды. Мындан сессияны алып барып жаткан спикер Жумабеков “комитет ошентип чечип коюптур” деген сөз менен гана кутула алды. Жанар Акаевдин курчтугуна жана акылынын тунуктугуна баа берген саясий саяпкерлер бул жигитте муруңку жылдардын эң кыйын депутаттары болуп эсептелген Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаровдун экөөнүн тек сапаттары бирдей бар экенин айтышууда.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу