«Акылдуу шаар» долбоорунан эле 6 млн «откат» алган Сапар Исаков эми эски шефин да сатабы?

Табиятка таазим этким келип туру… Болбосо кыш чилдеде ТЭЦ тоңуп, иштен чыкпаса миллиарддарды сологон коррупциянын бети ачылбай калат беле ким билет. Айтор кышындагы авариянын арты менен ичкени ирим, жегени желим болуп камакта жаткан С. Исаков азыр тергөө менен тыгыз кызматташып,«сайрап» берип жатканы айтылууда. Тергөө менен кызматташканы ушул — коррупциялык схемада ким кандай рол ойногону боюнча фактылар акырындык менен чыга баштады. Анда кеп башынан болсун.

Айрым адамдарга Теңир өзгөчө «касиеттерди» берип, ал киши ошол кудурети менен оокатын тың кылып бат эле байып баштаганы боюнча мисалдар толтура. Ошондой каармандардын катарына Талант Ташиевди «сыймыктануу» менен кошо кетсек болот. Анткени анын эч кимге камчы салдырбай жасаган «олуттуу» иштери кээ бир чиновниктерге жана өзүнө миң эселеп пайда келтирген.

Башында майда-чүйдө иштер менен алектенип, унааларды чет жактан ташып келгендерге кошулуп жашылбайлардын «акесин» таанытууга мажбур болгон. Акырындык менен чоң көмүскө иштер менен шугулданууга өткөн кайбар улам барган сайын көзү ачыла баштады. Өзүнүн дараметин баамдаган шылуун Ак үй менен Көк үйдүн таасирдүү адамдары менен алака кылууну көздөдү. Мындай стратегиялык пландары барган сайын кызууланып, ыргыткан ташы тоого барып түшүп жатты.

Жакшы тааныш болбосо мамлекеттин майлуу устуканына ээ боло албасын сезген эргул түз эле Сапар Исаковдун ишенимине кирүүгө жетишкен. Адегенде Инвестиция тарткан жетекчи Э. Момункуловдун, байланыш технологиясынын чоңу Н. Абаскановдун тобуна кирип, өзүн кыраан куштай туя баштады. Натыйжада Бишкектеги «Хуавей» компаниясынын гендиректору Чжан Чжицзянды колго алып, чоң иштерди баштаган.

Айтор «Акылдуу шаар» долбоору аркылуу миллион акча тапса болорун сезген Т. Ташиев С. Исаковду да илип алыптыр, Маселен, Талант Ташиев 60 миллион долларга бааланган «Акылдуу шаар» долбоорун «Хуавей» компаниясынын пайдасына чечип,анын акысына деп убада боюнча он пайыздык «наварды» «наличка» түрүндө Сапар Исаковдун колуна тапшырып бергени айтылууда. Эми ал акчаны Сары жигит ким менен кантип бөлүшкөнүн тергөөдө сайрап берээри турган иш. Кызыгы кылтактын экинчи учу кимдин мойнуна илинээр болду экен? Ушу жагы бүйүр кызытып туру…

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу