«Акылдуу” капчык сүрөткө тартып калат

Краудфандинг платформасында “Indiegogo” компаниясы “Volterman” деп аталган акылдуу капчыкты өндүрүү үчүн каражат чогултууда. Ал капчык ичин ачып карагандын баарын сүрөткө тартып алат. «Ууру уурдаган абал» автоматтык түрдө капчык телефон менен болгон байланышты жоготкондо жандырылат.

“Volterman”дын ичинде — бир жыл мурдагы смартфондун ички түзүлүшү, бирок экраны жок. Гаджет дүйнөнүн кайсы гана жери болбосун жана реалдуу убакыт ичинде, анын жайгашкан жерине көз салууга мүмкүнчүлүк берүүчү GPS жана Bluetooth менен жабдылган. Мындан сырткары 512 мегабайттан, башка түзмөктөрдү кубатандыра алган 2000-5000 мач батарейка менен жабдылган. Ошондой эле, «акылдуу» капчык интернет байланышын да тарата алат.

Бир күн бою иштеп чыгуучулар 340 миң доллар чогулта алышкан. Алгач капчык долбоор катары көрсөтүлгөн, биро компания декабрда биринчи тапшырыктарды аткарууга убада кылган.

Капчык 98 доллардан сатыкка чыгаары айтылууда.

Булак: Заман.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу