Акылдуу баланы тарбиялоо үчүн…

Ар бир ата-эне баласынын акылдуу жана эстүү болуп өскөнүн каалайт. Баланы акылдуу кылып тарбиялоонун турдүү ыкмалары бар. Ошол ыкмалардын эң таасирдүү жана пайдалуусу тууралуу кеп козгосок.

Көп тил билген бала эмнеге акылдуу болот?

Эки тилде сүйлөгөн кичинекей бала бир тилди гана колдонгон өзү сыяктууларга караганда когнитивдик басымдуулукка ээ болот. Тактап айтканда, эки башка тилде тили чыккан наристелер көйгөйлөр менен тапшырмаларды жакшы чече алышат. «Балдарда кайдагы көйгөй дейт чыгарсыз? Андай өнөр анын тез өнүгүүсүнө таасир берет. Кош тилдин баланын келечегине тийгизген пайдасы чоң.

Биз муну кайдан билебиз?

Көптөгөн изилдөөлөр далилдегендей, бир нече тилде эркин сүйлөгөн адамдардын мээ аралыктарындагы коммуникация системасы жакшы өнүккөн. Алар пландоодо, аналитикалык жактан ойлонууда жана тапшырманы чечүүдө алдыга эч кимди салышпайт. Бирок, мунун бардыгы чоңдорго жүргүзүлгөн изилдөөлөр.

Вашингтон университетинин окумуштуулары 11 айлык 16 балага атайы изилдөө жүргүздү. Алардын 8 жалаң гана англис тилинде сүйлөгөн үй-бүлөдө тарбияланса, калган жарымы англис менен испан тилинде сүйлөгөн үй-бүлөнүн балдары болгон. Изилдөө далилдегендей эки тилди билген балдардын мээси испан жана англис тилинде активдүү фонетикалык маалыматтарды түздөй баштаган. Ал эми болгону англис тилинде сүйлөгөн үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдар испан тилин болгону фондук ызы-чуу катары гана кабыл алышат.

Мындан улам бала сүйлөгөнгө чейин сөздөрдү угуу аркылуу тааный турганын биле алабыз. Балдар англис же испан тилин угуп отуруп, өзгөчө неврологиялык реакция көрсөтүшкөн. Окумуштуулар префронтальдык жана орбитофронтальдык кабаттардын (аналитикалык кабыл алуу менен чечим чыгарууга жооп берген мээ бөлүктөрү) активдүү жумушу тиркелген. Ал эми бир тилди гана билген балдардын бул зонасы таптакыр жооп берген эмес.

Бул эмнени билдирет?

Бала эки тилди укканда аларды бири-биринен айырмалаганды үйрөнөт. Таанып-билүү маселеси ушунда жатат. Дал ушул аркылуу префронталдуу жана орбитофронталдуу кабаттардын жумушу жандана түшөт. Бала ушул зоналарды пайдаланып отуруп аналиткалык ойлонуу менен чечим чыгаруу жөндөмү жакшырат.

Ошондуктан билингвал-балдар болгону эки тилди гана үйрөнүп албай, курчаган айлананы таанып билүү менен башка дагы когнитивдүү ийкемдүүлүккө үйрөнөт.

Мындай балдардын мээнин аралыгындагы байланыштар жакшыртып, ойлонуу системасынын жакшы иштөөсүнө жол ачат. Келечекте ар кандай кыйынчылыктардан оңой чыгып, маселелердин жеңил жолун таап, ийгиликтүү болот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу