Акылбек Жапаров Ольга Лаврованы «жарга» такады

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Каржы министрлигинин жетекчилерине ушундай собол салып, Бишкек Жылуулук-электр борборун реконструкциялоо үчүн алынган насыя боюнча канча каражат төлөнөрүнө кызыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова келишимге ылайык Бишкек ЖЭБине алынган 386 млн доллар насыя үчүн Кыргызстан 20 жыл аралыгында 393 млн доллар көлүмүндө карыз төлөй турганын билдирди.

«Азырынча негизги карызды төлөй турган мөөнөт жете элек, ал 2013-2024-жылдарга туура келет. Азыр үстөк пайыздар менен комиссиялык жыйымдар гана төлөнүүдө. Канча каражат төлөнгөнүн каржы министри так билет болуш керек», — деди ал.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, ушу тапта насыя боюнча 19 млн 117 миӊ доллар төлөндү, анын ичинде 16 млн 707 миӊ доллар – үстөк пайыздар, 1,7 млн доллар – комиссиялык жыйымдар, 694,8 миӊ доллар –бир жолку жыйымдар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу