Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду

Мурунку премьер-министр менен финансы министри ссуда катары бөлүнгөн 200 миллион сомду максатсыз пайдаланган деп айыпталып жатышат.

Башкы прокуратура «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго карата кылмыш иши козголгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мурунку өкмөт мүчөлөрү 2009-жылдан 2015-жылга чейин 200 миллион сомдук бюджет ссудасын максатсыз пайдаланган жана мыйзамсыз бөлүштүргөн деп шектелип жатышат.

Иш Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча козголуп, тергөө УКМКга жүктөлдү.

Булак:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу