Акылбек Жапаров: “Германиядан жардамга келген 542 миллион евро каякка коротулду?”

Кечээ, 18-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстанга Германиядан алынган гранттык каражат каякка жумшалгандыгына кызыкты. Аталган комитет буга чейин Германия Федералдык мамлекети менен Кыргыз республикасынын ортосунда 2017-2018-жылдардагы каржылык кызматташуу боюнча мыйзам долбоорун ратификациялаган. Тагыраагы эки өлкөнүн техникалык кызматташуусуна бөлүнгөн 542 миллион евро каяка жумшалгандыгына кызыгып сурады.

Азыркы тапта Экономика министрлигинде бул гранттык каражаттар тууралуу так маалыматтар жок. Бул тууралуу аталган министирликтин маалымат катчысы Махабат Маматова төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Бизде жакында эле “Донордук жардам” бөлүмү ачылды. Мурун бул Каржы министрлигине карачу, ошондуктан учурда бизде так маалыматтар жок. Бүгүн комитеттен министрдин орун  басарына тапшырма беришти, биз эми карап чыгып келээрки комитетте толук маалымат бермей болдук”, – деп билдирди маалымат катчы.

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу