Акылай айым: «Баламды сабап өлтүрүп туруп, талаага жалгыз таштап кеткен балдар эркиндикте жай баракат жүрүшөт»

Кимдир бирөө үчүн биздин өмүр түккө турбас нерсе болсо, ата-энебиз үчүн биздин ден-соолукта болуп, күлүп жайнап маңдайында аман-эсен тургандан өткөн бакыт жок эмеспи.

Балам деп чарк айланып, анын келечектеги кыялдарына, максаттарына чогуу кадам таштап, баласын эрезеге жеткирип эми анын сый- урматын көрөөрдө айбанга кылбас мамиледен, ата-энесинин эрке талтаң эс алаң чоң муштумдарынын айынан күлгүндөй уулунан ажыраган Жалал- Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Айтбаева Акылай айымдын баяны.

-Ошол күнү (7-июнь) балам Жайлоо орозо болгондуктан, эч нерсе оюнда жок эле үйдө эс-алып жаткан. Аңгыча  Нурдин деген бала келип калды(досу) «апа биз картошка чаап келебиз» деп кетишти. Эркинди( Жайлоонун иниси) апасы жардам берип кел деп кошуп бериптир. Ошентип үчөө үйдөн коңшу айылга картошка чаап келебиз деп кетишти. Кээде телефон тартпай калгандыктан байланыша алган жокмун.  Ал күнү келген жок. Эртеси чоң уулум жүгөрү чаап келип калды. -Апаа, жеңемен сурасам Жайлоо келген жок деп айтты- деди. Эмнеге барбайт Нурдинге чалчы- десем, телефону өчүк болуп туруп алды. Анткени ооз ачаарга ошол үйгө барыш керек эле. Анан баламды Нурдиндин үйүнө жиберсем апасы чыгып «картошка чаап келди, чарчап уктап атат»- дептир. Нурдин дагы апасына картошка чабабыз деп кеткен. Жаман оюмда картошка бүтпөй калып достору баса берип, балам калып калган экен дедим. Анан бир классташынын апасына чалдым ал «паходко барып эрте эле келишти, үйдө» деди. Айылдагы таекесиникинде окшойт деп аларга чалсам да телефондору «недоступен» деп албай койду. Эртеси эртең менен саат 7лер чамасында эжекеси чалып «балаңыз экзаменге келе элек, кайда? -деди

-Табылгытыга картошка чапканы кеткен дедим. Негизи экзамени 10да болмок 9на жылып калыптыр. Анан Жайлоо бүгүн экзамен тапшыраарын билбейт беле десем «айткам билет» деди , келиши керек эле деп мектепке бардым. Нурдинди чакырып сурасам «мен барган паходко да картошкага да барган жокмун.Жайлоо картошкага жалгыз кеткен- дейт. Паходко барган Сыймык деген баладан сурасам, ал, Нурдин барган жок, аны көргөн да жокбуз- деди. Эжекесинен сурасам анын да баласы паходко кеткенин, классынын баары бараарын билгем деп жооп берди. Паходко 7си күнү түндө чыгып кетишкен экен.Кыздары да билбейбиз көргөн жокпуз деп коюшту. Балдары балыкка барам деген, кайырмак издеп аткан деп ар кайсыны айтып жатышты. Милиция чакырдым. Анысы келгиче эле балдар топтолуп сүйлөшүп келишти. Ангыча эле Сыймык деген бала «Эжее булар калп айтып сизге айтышпайтат. Жайлоо барган паходко»- деди. Неге айтпай жатышат десем «булар арак ичишкен да. Жайлоону болсо арак ичип алып турбай жатып алышты дешкен»- деди. Акыркы Жайлоонун жанында Арлен анан Эркин( Жайлоонун иниси) калганын айтты. «Эртең менен Жайлоо турбай койду»-деп барышыптыр. Арленди кошуп алып, отурган  жерлерине бардык, тапкан жокпуз. Көрсө менин балам менен кошо 5 бала өзүнчө машина менен барышкан экен. Жолдон адашып кетишкенби, айтоор, кичине алысыраак жерге барышыптыр. Баламды ошол жерден таптык. Ал эми Арлен бизге таптакыр башка жерлерди көргөзүп, калп айтып туруп алыптыр. Баары бир таптык. Кулап кеткен дейин десек түптүз жер. Баламды аябай ур-токмокко алып сабашыптыр. Бетине ысык нерсени баскылашкан окшойт, бетинин баары тешик-тешик. Тепкилей беришкендиктен  ичинин, табарсыгынын, денесинин баары көкмөк. Тизелери сыйрылган, көк ала.Бир тизесинин сөөгү сыртты көздөй чыгып, териси ичти көздөй кирип калган.

Бизге көрсөтпөй эле моргко алып кетишти. Үйгө алып келишкенде сүрөткө тартып койдук. Ата-энелер көрдүк деп кол коюп беришиптир. Бирок, ошол көргөн көздөрүнө да ишенбей «билбейбиз, балаң арак ичкен турбайбы» деп ичимди ачыштырышты. Балам буга чейин арак эмес колуна тамеки алган жан эмес эле. Дайыма телефонунда намаз боюнча сүрөттөр,аяттар жүрчү. Ошол маалда орозо да эле. Бул акмактар балама арак ичиришкенге аракет кылышкан окшойт, же ортолорунда чыр чыгып кеткен. Ошондон улам баламды сабап жалгыз калтырып кетишкен.

 

Эксперттер барып, экспертиза жүргүзүштү Нарындан. Көрсө анысы да бирөөсүнүн тууганы экен. «Бала жүрөгү кармап өлгөн» деген жыйынтыкты колума карматты. Эчаак эле оозун жаап,баарын оңдоп коюшуптур. Балдарды болсо шектүү катары кармашкан да жок. Алардын көрсөтмөсүн бизге көрсөтпөй келишет. Баарына көздөрүн жумуп алып карап жатышты. Керек болсо, мага да үстөмдүк кылып «экспертизанын жыйынтыгы келмейинче эч жакка кайрылбаңыз. Мыйзамга туура келбейт. Суралып каласыз деп жатышкан.»

Таң калганым адамдардын кайдыгерлиги болду. Ата-энелер( 5 баланын ата-энеси) телефондорун өчүрүп келбей качып, мугалимдерди да сөөктү көргүлө десек «кыргызынчабыз» бар деген шылтоо менен алар да баш тартышты. Башында көргөндөрүн да танып, биз эч нерсе көргөн жокпуз деп жатышат. Бул эмне дегендик ошондо? Баары биригип алып, бул ишти жаап койгулары бар. Ушул күнгө чейин мени  «экинчи экспертизанын жыйынтыгы туура чыгаар , сабалган десе, жарым саат койбой балдарды камайбыз» деп сооротушкан. Макул деп экинчи жолкусун да күттүк. Мунусу да оор жаракаттарын жазбай эле күнөөнү балама оодарып, «жүрөгү кармап өлгөн» дейт. Баламды менден артык билген адам жок го акыры. Балам бир да жолу ооруган эмес. Арак ичкендиги да чыккан жок. Ал эми калгандарынан чыккан. Демек, өлгөн өлдү деп эле калгандарын жазалабай коюшса боло береби? Бул эмне деген акыйкатсыздык, адилетсиздик, ушунча пастыкка кантип барып жатышат, эч түшүнбөйм. Тынч уктап жатышат болду бекен?

Эми кайрадан экспертизадан өткөрөбүз. Тиешелүү жерлердин баарына арыз менен кайрылдым.Каалаганым, баламдан  ажыраткандар жазаларын алышсын! Чындык ачыкка чыксын. Элдер билсин.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу