Акыйкатчы Оторбаевдин үйүн тоноп кетишти

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин үйүн тоноп кетишти. Бул тууралуу
5news.kg маалымат порталына күч органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен
жазып чыкты. Аталган сайт: » уурулар 9нан 10-июлга түнү үйгө киришип, акча жана баалуу
буюмдарды алып кетишкен. Азыркы тапта уурдалып кеткен буюмдардын жана акчанын
көлөмү такталып жатат.

Окуя болгон учурда үйдө эч ким болгон эмес. Оторбаев өзү иш сапарда, ал эми үй-бүлөсү
конокто болгону кабарлана»т деп жазат.

Азырынча Бишкек ШИИБи бул боюнча расмий маалымат бере элек экендиги да
кошумчаланган

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу