Акыйкатчы кызматына талапкер сунуштоо дагы бир апта созулушу ыктымал

Эки айдан бери бош турган акыйкатчы кызматына талапкерлерди сунуштоо жараяны дагы бир жумадай созулушу ыктымал. Бирок азырынча парламенттин апталык күн тартибинде бул маселе жок. Бул тууралуу парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев «Азаттык» радиосуна билдирди.

Комитеттин дагы бир мүчөсү Асел Кодуранова бул маселе 11-сентябрда комитет жыйынында каралышы ыктымалдыгын “Азаттыкка” айткан эле.

Эреже боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат.

Мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Эки ай аралыгында парламент жаңы талапкерди бекитиши керек болчу.

Буга чейин акыйкатчынын аппараты мекеменин жетекчилигине юридикалык бөлүмүнүн башчысы Урмат Аралбаевди, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуш кылган. Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова да акыйкатчылык кызматка баруу ниетин билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу