Акыйкатчы абактагы аткаминерлер менен жолугушту.

Акыйкатчысы Кубат Оторбаев УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, депутаттар Осмонбек Артыкбаев, Канатбек Исаев, Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазов менен жолугушуп, алардын шарттары менен таанышып чыкты.

Салайдин Авазов акыйкатчыдан үй-бүлөсү менен кезиктирип коюну суранган. Жантөрө Сатыбалдиев болсо жактоочусун киргизбей жатканын айтып нааразы болгон.

Осмонбек Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Ал эми калган аткаминерлердин кармоо шарттарына карата нааразычылыктары жок.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу