АКШ күн тутулуудан 700 млн доллар чыгым тартат

Күндүн тутулуусу АКШда жумушчуларды алаксыта турган факторлордун бир болуп саналат. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөөсү америкалык компанияларга жүз миллион долларлык чыгымдарды алып келерин “Reuters” кабарлады.

Эмгек менен камсыз кылган «Challenger, Gray & Christmas» агенттигинин божомолунда жумуш берүүчүлөр жок дегенде 694 миллион долларды болжол менен 20 мүнөттө жоготот. Ага ишканалардын кызматкерлеринин 21-августа күндүн тутулуусун көрүү үчүн кеңселерден кеткени себеп болот.

“20 мүнөт бул аз эсептелгенде. Көптөрү телескоп жана башка атайын көз айнектерге көнгүчө көп убакыт өтөт”,-деген Чикагодогу “Challenger, Gray & Christmas” агенттигинин вице-президенти Энди Челленджер астрономиялык кубулуш учурунда 87 миллион америкалык иш үстүндө болорун кошумчалады.

Жалпы көрсөткүч болгон 700 миллион долларды Челленджер иштегендеринин орточо айлыктарын эсептөө аркылуу чыгарган. Ал эми иш үстүндөгү жарандардын жалпы санын АКШнын Эмгек министрлигинин статистикалык башкармалыгынын маалыматынын негизинде чыгарган.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу