АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын жана мурдагы СССРдин курамынан чыккан мамлекеттердеги 10 чакты «мыйзамдагы ууруларга» каршы санкция салды. Мындай маалымат мекеменин расмий сайтына 22-декабрда жарыяланды. «Кара тизмеге» киргендердин арасында Кыргыз мамлекетинин жараны Камчы Көлбаев да бар.
Айта кетсек, Көлбаевге «адам уурдоо», «мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү» сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, ал 2012-жылы 8-декабрда ал Бишкекке Дубайдан келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берип, камакка алынган.
2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны «акча талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Инстанциялардан өтүп келип, Жогорку Сот 2014-жылдын май айында Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2014-жылы 8-июнда Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыккан.