АКШ Исаковду өлкөдөн алып чыгып кетүүгө макул болгонбу?

Парламенттеги оппозицияда калган 3 фракцияга жылдык отчётун берип жатканда технократ өкмөттүн башчысы Сапар Исаков «Эмнени сүйлөштү өзүм билем», «Урматтуу депутат сиз бир нерсени билсеңиз…» деген сөздөр менен кайым айтышууга барып, «дерзкий» болуп атты эле, парламент аны ээрден шылдыңдагансып, колуңдан эч нерсе келбеген өкмөт башчы болдуң деген бааны берип, ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен шыпырып түштү.

Буга чейин бир дагы өкмөт башчы парламенттен ишенбөөчүлүк алып кызматтан кеткен эмес эле. Депутаттар Исаковду эскинин калдыгы катары эле ыргытып жиберди. Мындай ыкма менен ыргытылган саясатчынын кийинки саясий карьерасы оңолуп кетиши да кыйын.

Ишке жарабай турган кадр экенсиң деп босогодон узаганды кайсыл бийлик кызматка кайра алып келмек эле? Эми Исаковду ким колдойт? Артынан шек жаратып жүргөн сөздөргө иликтөө иши жүрүп, кылмыш иши козголушу да турган иш. Калиевден кийинки кишен салынчу Исаков болуп калбайбы?

ТЭЦ чырында Исаковдун дагы аты аралашып калып жатпайбы. Ал президенттик аппаратта таасирдүү фигура болуп, өлкөнүн тышкы байлан-шын колго алып турган кезде ТЭЦке келген кредиттин 30 млн доллары жетинчи кабатка кирген деген маалыматты коомчулукка жөн жерден ыргытып жатышкан жокпу?

Салынып жаткан жолдорго, Датка-Кемин боюнча да Исаковдун аралашканы көп эле айтылып жүрөт. Бул иштер жакын арада көтөрүлө турган болсо ким калкалоочу болуп берет. Ансыз да из кубарлар Исаковго кылмыш ишин козгоп, жакында суракка чакыраары айтылып жатпайбы.

Кылмыш иши козголсо эле Сапар ИсаковдуАКШ өз койнуна алып, тумшуктууга чокутпай өлкөдөн алып чыгып кететүрган болгону ыраспы? Бул суроолорго жакынкы убакта жооп болор…

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу