АКШ аялдар үчүн кооптуу мамлекеттердин катарын толуктады

Америка Кошмо Штаттары аялдар үчүн кооптуу болгон 10 мамлекеттин катарына кирген. Аялдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү коркунучу бар мамлекеттер боюнча сурамжылоону Reuters агенттиги жүргүзүп, 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарган.

Маалыматка ылайык, 10 мамлекеттин катарында Сауд Аравия, Пакистан, Афганистан, Сирия, Сомали, Йемен, Нигерия, Индия жана Конго өлкөлөрү да бар.  Сурамжылоого ылайык, Афганистан менен Сауд Аравия өлкөлөрүндө аялдардын ден соолугуна жакшы кам көрүлбөй тургандыгы айтылган.

Ал эми АКШ аялдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча жогоруда аталган мамлекеттердин сап башында аталган.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу