АКШнын Кыргызстандагы элчилиги эки жүздүүлүгүн качан токтот?

Дүйнө элдерине демократияны үйрөтүп, ар кайсы мамлекеттердин ички иштерине башын тыгып келген АКШнын Кыргызстандагы элчилиги акыркы кездери биздин мыйзамдарды көзгө илбей келет. Маселен, жакында эле Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан соттолгон Кумар Чалданбаев жана Самат Шерипбеков деген жарандарды ишке алды. Муну менен алар Кыргызстандын мыйзамдарын эле сыйлабастан дипломатия боюнча эл аралык нормаларды тепседи. Эл аралык практикада элчиликтерге кызматка алуу абдан кылдат жүрүп, репутациясы булганган адамдарды гана эмес, бир аз шек жараткан кадрларды да жолотпойт. Ал эми соттолгон адамдар, сот тарабынан күнөөлүү деп табылгандар таптакыр ишке кабыл алынбайт. АКШнын Мамлекеттик департаменти, деги эле бул өлкөнүн бийлиги Кыргызстандагы мындай жоругу менен чыныгы жүзүн көрсөттү. Эң кызыгы, алар жаңыдан кызматка алынган соттолуучуларды, “соттолгон” деген шылтоо менен иштен айдаган адамдардын ордуна койгон. Ал эми ишке алган эки соттолгон жаранды кубануу менен тосуп алган десек болот. АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү мындай кадамы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, мыйзамдарын сыйлабастыгын далилдеди. Биздин тиешелүү органдар бул боюнча өз позициясын тез арада билдириши керек. Эгер Кыргызстандын АКШдагы элчилиги ошол мамлекеттин соттолгон жаранын кызматка алганда заматта кыйкырып чыгып, биздин өлкөнү эң кылмыштуу мамлекетке айлантып салмак. Кыргызстан чакан өлкө болгону менен суверендүү мамлекет. Биздин өз мыйзамдарыбыз, тиешелүү ордубуз бар. Аны дүйнөнүн ар бир мамлекети сыйлап, Кыргызстанга туура мамиле кылышы керек. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин бул аракети бизди сыйлабастык катары баалынып, Тышкы иштер министрлиги тарабынан керектүү нота жөнөтүлүшү зарыл.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу