АКШнын делегациясы Бээжинге сүйлөшүүгө барды

Кошмо Штаттардын делегациясы эки өлкө ортосундагы төрт айдан бери созулган “соода согушунун» маселесин чечүүгө аракет кылыш үчүн Кытайга барды.

АКШнын соода өкүлүнүн орун басары Жеффри Герриш делегацияны баштап Бээжинге аттанып баратып, журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Кытайдын Соода министрлиги 4-январда билдиргендей, эки тарап Аргентинадагы «Чоң жыйырманын» жыйынында президент Трамп менен лидер Си Цзинпин жетишкен “маанилүү маселелерди чечүүнү” талкуулашат.

4-январда Трамп соода талашы чечилерине үмүттөнүп турганын билдирген. “Биз Кытай менен маселени чечебиз деп турам”, деди ал. Америкалык лидер белгилегендей, эки өлкө бири-биринин товарына миллиардаган доллар төлөмдөрдү киргизгендиктен, дүйнөлүк экономиканын арымы солгундады.

Трамп “Кытай менен биздин ортобузда өтө кеңири макулдашуу болуп жатат. Президент Си, мендей эле ага жакындан аралашууда. Биз эң жогорку деңгээлде маселени жакшы жагынан чечебиз”, – деп кошумчалады Трамп.

Былтыр АКШ үч айлампа менен Кытайдын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин киргизген. Кытай да жооп катары АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф койгон.

Булак: Азаттык

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу