АКШда окуп келүүсүнө 437 миң сом короткон Лунара Мамытова «Эгерде Аида менин ордумду көздөп жаткан болсо келип иштей берсин» дейт..

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басары Лунара Мамытованын 12 күн АКШда окуп келишине 437 миң сом кеткен. Бул каражат Дүйнөлүк банк Кыргызстанга насыя катары берген акчадан алынган, аны эми мамлекет кайтарып бериш керек. Муну тастыктаган документтерди Facebook социалдык тармагындагы баракчасына депутат Аида Касымалиева жазып чыкты.

Аида Касмалиеванын айтымында ушул жылдын жаз айларында Социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө жаңы мыйзамдын күчүнө кирүүсү үчүн кеңири даярдык иштерин жүргүзүшү керек болчу. Бул ишти өткөрүү жоопкерчилиги министрдин орун басары Лунара Мамытовага жүктөлгөн. Бирок, бул учурда, 30-апрелден 11-майга чейин Мамытова АКШда социалдык коргоо маселелери боюнча акы төлөнүүчү базалык курстан өтүп жаткан. Чыгымдар 437 миң сомду түзүп, аны Дүйнөлүк банктан алынган насыялык каражаттын эсебинен мамлекет төлөгөн.

«Окуу үчүн акча төлөш керек эле. Эч ким эч кимге чакыруу жөнөткөн эмес жана Мамытова калп айткандай, «англис тилин билгени үчүн» чакырган эмес. Министрлер менен орун басарлардын сапарларынын  таблицаларын карап көрсөк,  436 976 сом коротуу — бул рекорд», -деп жазат Касымалиева.

Касымалиеванын айтымында, Мамытова АКШда окуп жүргөн маалда, ал көзөмөлдөөчү тармактын иши солгундап, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн  балдарына жөлөк пул берүү 2 ай кечиктирилгенин жарыя кылса Лунара Мамытова Аида Касмалиеваны расмий кечирим сурасын деп талап кылууда. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымына караганда, чынында эле АКШга Бүткүл дүйнөлүк банктын программасынын негизинде, квалификациясын жогорулатуу боюнча барып келген. “Эгерде программа жаман болсо жана биздин кызматкерлер мыйзам бузса, анда программаны жаап кызматкерлерди жоопко тартмак. Аталган программа боюнча Америкада 62 киши барып келген. Эмне себептен Аида Касымалиева мага көңүл буруп жатат, түшүнө албай турам”- дейт Лунара Мамытова.

Аталган министрликтеги коррупциялык схемалар менен өзү күрөшүп жатканын кошумчалады. “Дипломатиялык паспорттун колдонушу боюнча, Башкы прокуратуранын жыйынтыгында мага тийиштүү эч кандай доо жок экенин тастыктады. Эгерде менин ордумду көздөп жаткан болсо келип иштей берсин ”- дейт Мамытова.

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу