Акча көбөйтүүнүн 4 ыкмасы…

Ар бир адам акчаны кандай көбөйтүш керектиги тууралуу көп ойлонот жана ар бирине акча кандай принципте жумуш иштээри кызык. Ушуга байланыштуу акыркы кездерде акчаны табуу, жыйноо, көбөйтүү тууралуу кеңештер көп айтылып жатат. Бирок баардыгы бири-бирине окшош. Ал эми ушул амалдарды байлардын өздөрү колдонушат бекен?

Бул суроолор ар бирибизди кызыктырары белгилүү. Кантсе да, адистер айткан төмөндөгү ойлорго көз жүгүртүп өтсөк.

Акча менен туура мамиле куруңуз!

Кедейлер-кедей, байлар-бай болуп кала берет деп ойлоп, ал үчүн бирөөну күнөөлөгөндү коюңуз! Бул таптакыр жолу болбогон адамдын сөзү. Негизи акчанын табияты ар башка. Өзүңүз ээ болгон акчанын көбөйүүсү өзүңүзгө гана көз каранды. Өз лексиконуңуздан акчага байланыштуу жаман сөздөрдү өчүрүңүз! Жалаң гана жакшы көрүңүз, ошол кезде ал сиздин сезимиңизге жооп берет.

Чыгаша болмоюн киреше болбойт!

Мисалы биз ушул жылы 100 түп көчөт эгип, анын пайдасын көрсөк, кийинки жылы өткөн жылдан да көп эгебиз. Кайрымдуулук жасагандан коркпоңуз! Акча айланып турган сайын өзүнө энергия топтойт. Мисалы, эгер сиз акча берсеңиз гана, аласыз! Бирок бул жалаң гана өзүңүзгө пайдалуу амалдар, башкысы сиз кайрымдуулуктан сооп аласыз. Бир жолуу болсо да жакшы ишке акча берип көрүңүз, ошол кезде ичиңиздеги өзгөрүштү байкайсыз! Ал эми ал акча эки эсе болуп кайрылып келет.

Акча иштеп туруш керек

Акча бош жатса, алар үчүн бул катуу жаза болуп саналат экен. Акча колдонууда болуп турганы жакшы, ушуну эстен чыгарбаңыз. Бирок ал акчаны барып коротуп салуу керек деген эмес. Мисалы, депозитке акча салып коюңуз, ал «жаздыктын алдында» жаткандан жакшы.

Бир нерсе сатып алганда чек алууну унутпаңыз!

Кандай гана нерсе сатып албаңыз, ар дайым чегин сураңыз. Жуманын аягында баардык чектердин суммасын эсептеп, акчанын кайда кеткенин билиңиз. Эмкиде эмнеге үнөмдөө керек экениңизди баамдаңыз. Акча суу сыяктуу агып кетүүсүнө жол бербеңиз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу