Акча адамды ооруга чалдыктырат

Кагаздагы бактериялар ашказан жарасы, пневмония, ичеги-карын ооруларын пайда кылат. Ошондой эле теринин кычышуусуна, аллергияга алып келет.

Нью-Йорк шаарынын университетинин биолог окумуштуулары бир долларлык купюрадагы химиялык бактерияларды изилдешкен. Анда бир банкноттон 3 000 бактерия табылган. Алардын ичинде кооптуу ооруларга чалдыктыруучулары да бар.

Окумуштуулар банкноттун кирдеген деңгээлин анын куну менен байланыштырышат. Куну (номиналы) төмөн купюралар колдон-колго өткөндүктөн бактерия көп. Ал эми ири суммадагы колдон-колго сейрек жүгүргөн акчалар салыштырмалуу «таза».

Дарыгерлер ар дайым акча санаган сайын колду жууп, каражатты капчыкта сактоого кеңеш беришет. Себеби чөнтөктө бактериялар тез көбөйөт.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу