Акчасы жок президент болууну эңсегендер

Кубан Чороев, президенттике талапкер:

“Бир тыйыным жок президенттикке аттандым”

-Чынында кыйынчылык жаратып жатат. Мен шайлоо компаниясын бир тыйыны жок
баштадым. Ниетиң таза болсо, жараткан күтпөгөн жерден бере берет экен. Жоро-
жолдоштор, тууган-урук жана жөн эле кайдигер эмес адамдар жардамын көрсөтүп,
фондума акча салып жатышат. Ал эми кээ бир талапкерлердей болуп үйүмдү күрөөгө
коюп, банктан насыяга акча алуу менин принцибиме жатпайт. Миллионду кайдан табам
деп тынчсызданган жокмун. Кудай өзү берет.

Токтайым Үмөталиева, президенттикке талапкер:

“Президенттик шайлоого чемпиондор олимпиадага даярдангандай даярданам”

-Мен олимпиадалык оюндарга катышчу чемпион спортчулардай болуп калгам.
Чемпиондор олимпиадага кандай даярданса, мен президенттик шайлоого ошондой
даярданам. Даярданган киши бардык жагынан даяр болот. Шайлоо фондуна төкчү
каражатым жетиштүү. Өзүмдүн чогултуп жүргөн каражатым бар. Андан сырткары
туугандарым да жардамдарын берип жатышат. Бул жолу президенттик шайлоого
төртүнчү ирет ат салышып жатпайынбы. Кол чогултканга, штабдарды ачып иштетүүгө
дагы чогулткан каражатым жетет.

Назарбек Нышанов, президенттикке талапкер:

“Шайлоо фондуна төгө турган акчам жок”

-Мен болгону 5 миң доллардай акча таптым. Калган каражатты таба алчудай эмесмин. 5
миң доллар эмнеге жетмек эле. Ошол 5 миң долларды дагы көптөн бери чогултуп жүрүп
таптым. Балдарыма кийим алып бербей, аянып, кысынып жүрүп чогулткам. 1 миллион
сом шайлоо фондуна төгүш керек деген такыр болбогон нерсе. Бул деген президенттикке
бир гана байлар ат салышсын деген нерсе. Ошондуктан бул шайлоону мен мыйзамсыз
деп эсептейм.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу