Акчаны эмнеден аяса болбойт?

Кээде акчаны көп коротуп, кийин үнөмдөөгө болот. Мисалы:

1. Бут кийим

Бутуңузга кийген бут кийимиңиз белгилүү бреддеги болбошу мүмкүн. Бирок бутка жарашыктуу жана ыңгайлуу болушу милдеттүү. Бут кийимиңиз жакшы болбосо, арка бел менен омурткаңызга күч келет, кийин муундарга таасир берет. Ал эми арзан алган сапатсыз бут кийимдер тез жыттанып, кийин гигиеналык ооруларды да пайда кылышы мүмкүн. Кээ бири бат эле айрылып калат.

2. Медициналык кызматкер

Эч жериңиз оорубаса да жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп коюу ашыкча болбойт. Анткени, медициналык кызматтар келечекте каражаттыңызды үнөмдөөгө жардам берет. Ооруну алдын алуу, жаңы башталган учурда эмделүү арзан турат. Жөнөкөй эле, тиштин бузулган эмалын калыбына келтирүү, имплант салдыргандан эки эсе арзан.

3. Тиш щеткасы

Тиш дарылоочу жайлардын көбөйүүсү суроо-талаптын көптүгүнөн кабар берет. Ал эми суроо-талап эмнеге көбөйөт? Тишти күтүү туура болбогондуктан, тишке зыян келет. Анын бардыгы тиш щеткасынын туура тандабагандык менен байланыштуу. Атайы дарыканалардан тишке арналган сапаттуу щетканы алганыңыз оң. Алып гана койбой, колдонуунун маанилүү экенин эстен чыгарбаңыз.

4. Билим

Баанын жогорулашы, сапаттын ага шай келерин билдирбейт. Бирок үнөмдөөнүн да кереги жок. Эгер билимди орунду колдонсо, сиз жоготкон каражатты эки эсе таап алууңузга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эске сактаңыз: акча сиз диплом менен сертификат алганда гана эмес, билим алганда гана кайра келет.

5. Тамак

Акчаны тамак-аштан аяганга болот, бирок аны да орду менен жасаган оң. Кээ бир тамактар арзан гана эмес, курамы жагынан пайдасыз болушу мүмкүн. Макарон азыктары менен картошка арзан болгону үчүн колдонууга болот, бирок ден-сооукту сактоо ошончолук оңой эмес. Ошондуктан тамак аларда баасына гана эмес, пайдалуулугуна да көңүл бөлүңүз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу